ຜາສາດຫີນວັດພູ

( Ват-Пху )

Ват-Пху (Тоо монастыры) - Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деңиз деңгээлинен 1400 м). Индуисттик чиркөө катары 5-кылымда негизделген. 7-кылымдан тартып, кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. 10-12-кылымда Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. 14-кылымда В.-П. будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. Ват-Пхунун арх-расы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар менен курчалган кеңири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түндүк жана Түштүк сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Э...Read more

Ват-Пху (Тоо монастыры) - Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деңиз деңгээлинен 1400 м). Индуисттик чиркөө катары 5-кылымда негизделген. 7-кылымдан тартып, кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. 10-12-кылымда Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. 14-кылымда В.-П. будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. Ват-Пхунун арх-расы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар менен курчалган кеңири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түндүк жана Түштүк сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эң жогорку тектиринде (деңиз деңгээлинен 1200 м) борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аялкудайлардын айкелдери аркыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер менен шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. Ват-Пху Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Photographies by:
Statistics: Position (field_position)
1810
Statistics: Rank (field_order)
49266

Add new comment

Esta pregunta es para comprobar si usted es un visitante humano y prevenir envíos de spam automatizado.

Security
695138247Click/tap this sequence: 2195

Google street view

Where can you sleep near Ват-Пху ?

Booking.com
453.927 visits in total, 9.077 Points of interest, 403 Destinations, 209 visits today.